Чүй облусунун ИИББда 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү

2021-жылдын 22-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облустук ички иштер органдарынын 2020-жыл ичинде ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, анын орун басарлары, башкармалыктардын, кызматтардын, шаардык-райондук ИИБдөрдүн башчылары, ардагерлер кеңешиңин төрагасы Ашыркул Асанов жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери катышты.

Кеңешменин башында  2020-жыл ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, жетишкен ийгиликтери менен «Мыкты кызматкер» деген наамга татыган кызматкерлер “Ардак грамота”, атайын сыйлоо лентасы жана вымпелдер менен сыйланышты. Андан сырткары өткөн жылдагы иш-чараларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзгөн ардагерлер кеңеши үчүн да сыйлыктар каралган. Байгелүү оорундар төмөнкү ардагерлер кеңештерине тапшарылды. 1-орунга Чүй районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши татыктуу болсо, 2-орунга Панфилов районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши ээ болушкан, ал эми 3-орун үчүн Жайыл РИИБдүн ардагерлер кеңеши татыктуу болушуп, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Жыйында, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Азамат Савыралиев 2020-жылдын 12 ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, жетишкен ийгиликтер менен айрым кемчиликтерге токтолуп, кызматтык иштердүүлүктү жакшыртуу багытында бир топ сунуштамал берилгенин билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Э.Аширходжаев кемчиликтерди жоюунун үстүнөн тынымсыз иш-алып барууну тиешелүү жетекчилерден талап кылып, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, акыйкат териштирүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында иштерди жогорку деңгээлде алып баруу боюнча ташырмаларды койду.

Жыл жыйынтыгы менен өткөрүлгөн кеңешмеде 2021-жылы аткарыла турган иш-мерчемдерге сунуштамалар киргизилип, Чүй облусунун ИИОнун ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү боюнча аткарылуучу иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *