Чүй облусунун ИИББдүн жетекчилиги Сокулук районунун Ново-Павловка айыл жашоочулары менен жолугушту

2021-жылдын 30-январь күнү Ново-Павловка айылындагы курулуп жаткан милициянын аймактык бөлүмчөсүндө Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, Сокулук РИИБдүн башчысы милициянын подполковниги Чынгыз Керимкулов жана жергиликтүү бийлик өкулдөрү айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга жергиликтүү тургундар, квартал башчылары жана активдүү жарандар катышып, Ново-Павловка айылынын жаңы конуштарындагы көйгөйлөрү менен бөлүшүштү. Алардын ичинде жаңы конуштун тургундарын түйшөлткөн маселелердин бири, коомдук транспорттордун жоктугу, жолдордун абалы, батирде жашагандарды каттоого алуу өңдүү бир катар көйгөйлөрүн айтышты. Ушул эле айылда үйлөргө жасалган уурулуктардын көп катталуусу да тургундарды түйшөлткөн маселелерден экенин кошумчалашты. Тургундардын көйгөйлөрүн жеринен уккан Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги бул маселелерди тиешелүү кызматтарга жеткире турганын айтып, ички иштер органдарына тиешелүү суроолорду өз көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Сокулук РИИБдүн башчысы Ч.Керимкулов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аталган айылдагы негизги жолдорго видео байкоочу камераларды орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, видео камераларды орнотуу менен кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоого чоң мүмкүнчүлүк болоорун кошумчалады.

Учурда Ново-Павловка айылдык милиция бөлүмчөсүндө 30 дан ашуун кызматкер,  жалпы  77 миң киши жашаган Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айыл аймактарын тейлешет.  Өткөн 2020-жылы Аталган айылдык милиция бөлүмү тарабынан 400 дөн ашык кылмыштар жана жоруктардын бети ачылган. Анын ичинен 252 кылмыш иши криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ал эми милициянын аймактык тескөчулөрү тарабынан 180 кылмыштар жана жоруктарын бети ачылган. Андан сырткары Бузуулар жөнүндөгү кодекс боюнча 30 протокол түзүлүп, ушул эле бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 25 жаран кармалып, ички иштер органдарына өткөрүлүп берилген.

Учурда милиция кызматкерлеринин жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары Чүй облусунун баардык аймактарында жүргүзүлүүдө. Ар бир жолугушууларда жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүүнүн үстүндө иш алып баруу боюнча жумуштар улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *