Чүй облусунун ИИББы: Кемин районунда өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектүү Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалды

2019-жылдын 22-сентябрь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 57 жаштагы жергиликтүү жашоочу аял арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган небереси И.А. 20-сентябрь күнү үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө жардамдашууну суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир нече иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кемин районундагы эч ким жашабаган үйлөрдүн биринен жогорудагы кыздын жансыз денеси табылган. Кароо жүргүзүү учурунда ал киши колдуу болуп каза болгондугу маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, Кемин районунун Кашкелең айылынын буга чейин бир нече жолу соттолгон 20 жаштагы жашоочусу К.А. кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрь күнү болжол менен саат 21:30 чамаларында кылмышка шектүү мас абалында, каза болгон өспүрүм кызды Кемин шаарынын көчөлөрүнүн биринен жолуктуруп, аны күчкө салып, ээн үйлөрдүн бирине зордуктоо максатында алып барып, кыз каршылык көрсөткөндүктөн, ага күч колдонуп ур-токмокко алган. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам өспүрүм кыз окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү кемин районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *