Чүй облусунун ИИБнын жана Кемин РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашт

 

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаранды колго түшүрүштү.

2022-жылдын январь айында, Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча материал келип түшкөн. Издөөдө алынган жаран 2019-жылдын май айында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу, соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтарды каттоо журналынын катталган.

2022-жылдын 16-майында көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У., кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *