Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден талап кылынуучу документтердин тизмеси;
-Жеке арыз,
-Кадрларды эсепке алуу баракчасы (анкета),
-Өмүр баян, эки нускада (өз колу менен жазылган жана компьютерде басылган),
-Өмүр баяны тууралуу,
-Тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтерин ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрүн (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн),
-Ноториалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан талапкерлерден тышкары),
-Аскердик билеттин көчүрмөсү (Эркектер үчүн) (Түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт),
-Паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (Түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт),
-Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (эгер балдары болсо) жана никелешүү күбөлүгү (никеде турган болсо) көчүрмөлөрү,
-Укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусу,
-Үчтөн кем эмес сунуш кат,
-Сүрөт 9х6 (1 даана) жана 3х4 (4 даана),
-Аймактык тескөөчүдөн маалым кат,
-Криминалдык милиция кызматынан маалым кат,
-Акыркы иштеген жеринен же окуусунан мүнөздөмө.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кабыл алынуу үчүн талапкерлердин кесиби жана билими жөнүндө маалымат
Кызматтардын аталышы | билими | кесиби |
Тергөө кызматына | жогорку | укук таануу, юриспруденция, укук коргоо |
Коомдук коопсуздук кызматына | жогорку, атайын орто | укук таануу, юриспруденция, укук коргоо, педогогикалык, аскердик (КР ИИМ АОМ КДБ) |
Криминалдык милиция кызматына | жогорку | Укук таануу, юриспруденция, укук коргоо |
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына | жогорку | Укук таануу, юриспруденция, укук коргоо |
Жоруктар иштери боюнча бөлүмүнүн алгачкы текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу кызматына | жогорку | Укук таануу, юриспруденция, укук коргоо |
Криминалистикалык кызматына | жогорку | Укук таануу, юриспруденция, укук коргоо (Математика колдонмо, математика жана информатика, физика, химия, биология, фармация), табигый математика, соттук экспертиза, текникалык инженерия |
Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонуна | ||
Милициянын кайгуул күзөт кызматына | Орто мектепти аяктаган, 30 жашка чейинки жарандар | Аскердик кызматты өтөгөн жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу альтернативдик кызматта өтөгөн жана запастагы офицердик программа боюнча кызмат өтөгөн |
Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу тартипте кабыл алынат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн Чүй ОИИББнын Кадрлар бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот. Дареги Бишкек шаары Курманжан-Датка 115. Байланыш телефондору: 0312 68 15 64, 0312 43 89 07.