Чүй облусунун ИИОнун кенже жетекчөөчү курамынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү үчүн Чүй облусунун ИИББы конкурс жарыялайт

“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарынын кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына ортодон төмөн эмес билими бар, кабыл алуунун, кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары конкурска катышууга укуктуу.

Талапкерлердин документтери 2023-жылдын 30-июнуна чейин Чүй облусунун ИИББнын кадрлар бөлүмүндө, Чүй облусунун МКККнын өзүнчө батальонунда жана Чүй облусунун ШРИИБында кабыл алынат.

 Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

– жеке арызын;

– кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкета;

– өмүр баяны, 2 нускада (өз колу менен жазылган жана басылган);

– өмүр баяны тууралуу (өз колу менен жазылган жана басылган);

– тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

– нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);

– аскердик билетинин көчүрмөсү (эркектер үчүн) (түп нускасы келген учурда көрсөтүлөт);

– паспортунун (түп нускасы келген учурда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

– балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;

– укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-врачтык комиссиясынын корутундусу (багыттама берилет);

– үчтөн кем эмес сунуш кат;

– сүрөт 9×12 (1 даана) жана 3×4 (4 даана).

 Конкурска катышуу үчүн талапкер тарабынан тапшырылган документтерди кабыл алуу жана андан ары кароо Чүй облусунун ИИББнын кадр бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин конкурска катышуусуна жол берилгендиги жөнүндө чечим кабыл алат.

 Конкурстун этаптары

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

– биринчи этап – дене бойлук даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу. Талапкерлердин дене бойлук даярдыгына жана дене бойлук көрсөткүчтөрүнө талаптар укук коргоо органы бекиткен ченемдер боюнча аныкталат;

– экинчи этап – тестирлөө (компьютердик технологияларды колдонуу менен же болбосо жазуу жүзүндөгү тестирлөө);

– үчүнчү этап – конкурстун катышуучусу менен аңгемелешүү.

 

 Кошумча маалымат алуу боюнча Чүй облусунун ИИББнын кадрлар бөлүмүнө кайрылсаңар болот, дареги Бишкек шаары Курманжан-Датка көч. №115, байланыш телефондор 0312 43 89 07 жана 0312 36 88 21

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *