Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери согуштун жана оруктун ардагерлерин куттукташты

2020-жылдын 8-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңеши Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттукташты. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп милициянын ардактуу эс алуудагы полковниги.

Улуу Жеиш майрамынын 75 жылдыгына карата Чүй облусунун ИИББнын жетекчисинин жана жалпы облустук ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан куттуктоо каты жана белектер ардагерге тапшырылды. Чоюнбек аксакал куттуктап баргандарга ыраазычылыгын билдирип, бала кезинен башынан өткөргөн оор тагдырларды айтып отурду. Чоюнбек Сагынбаев 1931-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылында туулган. Согуштун катаал мезгилинде оор турмушту башынан өткөрүп, 10 жашынан тарта талаада, орок оруп, машак терип, согуштагы оор жылдырды бала кезинде башынан өткөргөнүн айтат. Кыйынчылык күндөрдө чыйралган Чоюнбек Сагынбев ички иштер органдарына жумушка кирип 30 жылдан ашык эмгектенип, милициянын катардагы кызматынан жетекчилик кызматка чейин өзүнүн ак эмгеги менен жеткен адамдардан болгон.

Жеништин 75 жылдык маарекесине карата Жайыл районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери райондун аймагында жашаган Улуу Ата-Мекндик согуштун ардагерлеринин  үйлөрүнө барышып куттукташып, жылуу каалоо тилектерди айтышып, андан сырткары акчалай белектерди тапшырышты. Мындай иш-чаралар Чүй облусунун аймагында улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *