Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары улантылууда.

 

Үстүбүздөгү жылдын 10-янваврынан 14-январына чейин Кемин, Ысык-Ата, Панфилов райондорунун жана Токмок шаарынын ИИБдөрүнүн кызматкерлери тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен жергиликтүү жашоочулар менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара учурунда Кемин РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү жергиликтүү жашоочуларга жана мал кармаган сарайлардын ээлерине мал уурулуктарды жана мүлк уурулуктарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары малдарды жана баалуу боюмдарды кароосуз калтыруу уурулук кылмыштарына шарт түзөөрү айтылды.

Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чаралар учурунда шаар тургундары менен кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алдын алуу ошондой эле кылмыштар же мыйзам бузуулар тууралуу күбө болгондор дароо ИИОнун кызматкерлерине билдирүүсү зарыл экендиги айтылды.

Ал эми Кант шаарында ИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү чөнтөк уурулуктарды жана башка кылмыштарды алдын алуу боюнча жергиликтүү жашоочуларга алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Жолугушууда коомдук транспорттордо жана коомдук жайларда өздөрүнө сак болуу боюнча иштер улантылды.

Панфилов районунун ИИБдүн аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоону алдын алуу иштери жүргүзүлүп, курал-жарак сактаган жарандардын сактоо эрежелери текшерилди. Иш-чарада курал-жарактарга байланыштуу коопсуздук эрежелери эскертилди.

Чүй облусунун аймагында баардык райондук шаардык ИИОнун кызматкерлери  тарабынан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, анда жарандардын ар түрлүү суроолоруна жооптор жана манилүү кеңештер берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *