Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан Президенттин Жарлыгы жашоочуларга жеткирилүүдө

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жер-жерлердеги жашоочулар менен жолгушуу иштери уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар жеткирилүүдө.

2022-жылдын 10-мартында Токмок шаарынын ИИБдүн, Ысык-Ата, Аламүдүн РИИБдүн жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу жумуштарын жүргүзүштү.  Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жашоочуларга жеткирилди.

Жолгушууда милиция кызматкерлери тарабынан Президенттин Жарлыгынын максаттары түшүндүрүлдү. Анда буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкерчиликтерге жол берилип келсе, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларында мүмкүнчүлүгү бары да, мүмкүнчүлүгү жогу да бодо мал, жылкыларды союп той сыяктуу өткөрүп көптөгөн чыгымга алып келгени жолугушууда айтылды. Мындай ашыкча чыгымдарды кыскартуу үчүн чыгарылган Президенттин Жарлыгын жергиликтүү тургандар да жакшы кабыл алышууда.

Жергиликтүү жашоочулар өз учурунда зарыл маалыматтар менен таанышып жогорудагы Жарлыктын талаптарын баары кабыл алышаарын билдиришти.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *