Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат

2022-жылдын 11-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында 2013-жылы болгон резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча материалдар жарыялангандан кийин WhatsApp социалдык тармагы аркылуу аймак жана улуттар аралык кастыкты козуткан чагымчыл билдирүүлөр таркаган. Буга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат.

Учурда 9 жыл мурун болгон факт боюнча милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ошондуктан Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандардан мындай иштерден алыс болууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *