Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жамбыл облустук полиция департаментинин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

 

2022-жылдын 23-майында Чүй ОИИБдин мекмесиде Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жамбыл облустук Полиция департаментинин жетекчилеринин жумушчу кеңешмеси болуп өттү.

Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев жана Чүй ОИИББнын орун басары милициянын полковниги Каныбек Абдрахманов, Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Талантбек Аттокуров жана Жамбыл облусунун Полиция департаментинин начальниги, полициянын генерал-майору Арманбек Баймурзин, Жамбыл облустук полиция департаментинин Криминалдык полиция бөлүмүнүн башчысы , полициянын подполковниги Канат Кожомкулов, полициянын ага лейтенанты Айдос Ибраимовдор катышышты.

Чүй ОИИББдин начальниги өз сөзүндө эл аралык келишимдерге ылайык, бүгүнкү күндө Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери менен Жамбыл облустук Полиция департаментинин кызматкерлери арасында активдүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Жамбыл облусунда чек арага жакын аймактардагы кылмыштуулуктун абалын көзөмөлгө алууну жана коңшу мамлекеттердин аймагында жашырынып жүргөн кылмышкерлерди аныктоодо биргелешкен иш аракеттерди көрүү боюнча  сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жамбыл облусунун Полиция департаментинин жетекчилери эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, мындан ары биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, маалымат алмашууда жана башка иштерде тыгыз иш алып баруу жолдорун макулдашышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *