Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 1-ноябрда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сыргак Кыдыкеев, Чүй облусунун прокурору Эмир Каримов, КР УКМКсынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жана ардагерлер катышышты.

Алгач Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев куттуктап, Кыргыз милициясы алгачкы уюшулган күндөн тарта мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоодо, элдин бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөп келе жатканына токтолуп, милициянын жумушу эч убакта жеңил болбогонун, өлкөбүздөгү туруктуулукту камсыз кылууда, күн-түн дебей кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор экенин баса белгиледи.

Кесиптик майрамга карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, айрым кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *