Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өспүрүмдөгө балмуздак жана таттууларды таркатышты

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Беловодскийдеги балдар үйүнө жана Аксуу айылындагы балдар үйлөрүнө барышып, бөбөктөргө жакшы маанай тартуулашып, белектерди тапшырышты. Андагы

бөбөктөрдүн көңүлдөрүн көтөрүп, аларга камкордук кылуу максатында райондук милиция кызматкерлери майрам сайын түрдүү белектерди тапшырышып, балдарга жагымдуу маанай тартуулап келишет.

Ушул эле күнү Жайыл районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да бөбөктөргө балмуздак таркатышып, балдарды жакшы окуп, ата-энелердин айтканын аткарып, келечекте мыкты уул-кыздардан болууга тилектештиктерин билдиришти.

Балалыктын бактылууу доорун ар бир бөбөк татыктуу өткөрүүгө укуктуу. Алардын коопсуздугу жана мыкты тарбия алуусу үчүн жер-жерлерде мүмкүн болушунча аракеттер жасалууда. (COVID-19) Коронавирус  илдети жайылып жаткан учурда да балдарга болгон камкордук жер-жерлерде жогорку  деңгээлде уюштурулуп келди.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *