Чүй облусунун Кайгуул-күзөт кызматынын жаш кызматкерлери ант беришти

Бүгүн, 2021-жылдын 29-октябрында Лебединовка айылындагы Чүй облусунун ИИБнын  аянтчасында окуусун ийгиликтүү аяктаган жаш кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.

Катарларында бир нече кыз болгон 50гө жакын милиция кызматкерлери адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого жана коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого, чынчыл болууга, коопсуздукту, мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин татыктуу аткарууга ант беришти.

Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй облусунун ИИОнын ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты. Алар өз кезегинде салтанаттуу ант бергендердин бардыгына ички иштер органдарынын кызматкери деген наамга татыктуу болушун каалап кетишти.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *