Чүй облусунун милиция кызматкерлери үй ээсине уурдалган малын кайтарып беришти

 

Жергиликтүү тургун 66-жаштагы А.Б., Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, ушул жылдын 13-сентябрында үйдүн короосундагы сарайдан мал уурдаган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Бул факты Жайыл районунун РИИБ нүн КЖБР катталып КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 200 (Уурдоо) фактысы менен иш козголгон. Келтирилген зыяндын суммасы 70 миң сомду түздү.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБнын  Криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 25- жаштагы М.Н жергиликтүү тургунду аныкташып, кармашты. Уурдалган мал ээсине кайтарылды.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамды башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерип жатышат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *