Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды

 

Аламүдүн районунун ИИБнө Маевка айылынын тургуну У.Н арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-ноябрында дүкөндөн акча жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Аталган факты Аламүдүн райондук ИИБнүн КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренсинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 26-жаштагы И.У. аттуу жаран аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр улантылууда.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *