Чүй облусунун милиция кызматкерлери генералдар менен жолугушту

2023-жылдын 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушууга Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин генералдар Клубу коомдук бирикмесинин мүчөлөрү милициянын отставкадагы генералдары Курманбек Кубатбеков, Абдулда Суранчиев, Кемелбек Киязов, Чүй ОИИББнын начальниги милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери катышышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.
Алгач иш-чара Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине орнотулган Мемореалга гүлчамбарлар коюулуп, эскерүү менен башталды, андан соң жолугушуу Чүй облусунун өкүлчүлүгүнүн имаратында уланды.
Бул иш-чарада Садырбек Дубанаев «Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет. Кыргыз жергесинде милиция кызматы түзүлгөндөн тартып, эл камында ак эмгегин арнап кызмат өтөп келе жатат. Эгемендик жылдардан бери эле кыргыз милициясы эмнелерди гана башынан өткөрбөдү. Криминогендик кырдаал кыйла татаал болгон жылдары да милиция көптөгөн каармандыкты жаратып, коомдук коопсуздукту туруктуу сактоого жетише алган. Ал кездеги кыйынчылыктарды мына ушул жерде олтурган ардагерлерибиз жакшы билет. Ары татаал да даңктуу да жолду басып өтүп, кыргыз милициясынын калыптанышына ар бир ардагер зор салым кошкон” –деп белгиледи.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер укук коргоо органдарынын мурунку убактардагы натыйжалуу аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлгөнүн, эми мындан ары да улуулардын даңктуу жолун улап, өз милдетин намыс менен аткарып, милициянын сыймыгы болуп, чыныгы профессионал кызматкерлердин катары калыңдай бериши белгиленди.
“Бүгүн сиздер менен жолугуп жаткандыгыбыздын себеби бүгүнкү күндүн милициясы ар тараптуу билимдүү кызматкер болушу мезгилдин талабы. Андыктан ар бир кызматкер билимдүү болушу шарт. Өзүңүздөргө маалым болгондой саат сайын жаңы технологиялар күнүмдүк жашообузга кирип, элге кызмат кылуунун талаптары да өзгөрүүдө. Биз кызмат кылып жүргөн убакта элдин тынчтыгы, өмүрүнүн сактыгы, мүлкүнүн корголушу үчүн — жарандар милиция кызматкерлерине ишеним артып келген болсо бул көз караш бүгүнкү күндө да ошондой эле абдан олуттуу экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Андыктан ар бириңиздер ишиңерге жоопкерчилик менен мамиле жасооңуздарга чакырабыз” – деп ардагерлер белгилешти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө дээрлик бир кылымдык узак жолунда милиция өзүнө тагылган милдеттерди ар намыс менен аткарып, элдин ишенимин татыктуу аркалап келе жаткандыгы айтылып, мындан ары да элге ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат өтөө керек экендиги белгиленип, жарандардын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталаары айтылды.
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев мамлекет тарабынан милициянын ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлүп жатканына токтолуп, материалдык-техникалык база оңолуп, оргтехника, атайын техника менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканына токтолду. Жана ошондой эле былтыркы жылдан тартып жалпы ички иштер органдарынын айлыгы бир кыйла көбөйгөнүн, андыктан Чүй облустук ИИОнун кызматкерлери өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылуу багытында натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтүү менен ар бир кызматкер кесипкөйлүгүн жогорулатуу керек экендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында кандай мезгил болбосун милицияга болгон коомдун ишеними жана талабы жогору бойдон кала берери, андыктан милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзүзүп, милициянын катарында жогорку кесиптик жана руханий-адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керектиги айтылды.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Сапарбек Асаналиев Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери коюлган милдеттерди аткаруудагы натыйжалуу жетишкендиктерине токтолуп, “Менин милициям мени коргойт” деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу боюнча тынымсыз иш-чаралар жүрүп жаткандыгын, өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатып сапатын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Сапарбек Асаналиев өздүк курамга акыл-насааттарын айтып, бай тажрыйбасы менен бөлүшкөн генералдарга ыраазычылыгын билдирди.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *