Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине Кыргызстандагы Медиация менен кызматташуу боюнча сабактар жүргүзүлдү

2022-жылдын 15-16-август күндөрү  Чүй ОИИББнын Коомдук коопсуздук кызматы жана Өздүк курам менен иштөө жана кесиптик дайындоо бөлүмүнүн  кызматкерлери, «Республикалык медиаторлор жамааты» коомдук бирикмеси менен биргеликте, Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, Кыргызстандагы Медиация менен кызматташуу боюнча сабактар жүргүзүлдү.

Бул иш-чарага Улуттук медиация борборунун директору Чинара Курбанова жана Республикалык Медиаторлор коомдоштугунун төрайымы Ракия Рахматова, Улуттук медиация борборунун Чүй облусундагы филиалынын директору Акак  Айболотовалар катышып, медиаторлор тарабынан жүргүзүлө турган иштер жөнүндө маалыматтар берилип, милиция кызматкерлери менен кызматташуунун жолдору талкууланды.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *