Чүй ОИББнын жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин катоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкташты

2022-жылдын 25-апрелинде саат 15:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам тергөө тобу дароо барып, милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган К.Д. экени аныкталган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Киши өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИББнын, Аламүдүн РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана КР ИИМдин Атайын Багыттагы Полкунун Чүй облусу боюнча Атайын операция отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш, жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалганы, ал жерде экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылганы аныкталган.

Бул окуяда жабыр тарткан адам  бир нече жолу соттолуп,  жанына дайым бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө  кайрылышкан. Ошентип, бул кылмышка шектүүлөр, 2022-жылдын 24-апрелинде саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен киши колдуу болгон адамды Киа үлгүсүндөгү унаага салып барып, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндөрдүн биринен денесине залал келтиришип, ал алган жараатынан каза болгон.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери, бул аял жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чоогу жашай баштаганын аныкташкан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынды:

– А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу.

– К.М.2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу.

– А.А., Киа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу.

-У.М., 1975-жылы туулган,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар.

Учурда бул кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдарынын негизинде башка тиешелүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө  иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *