Чүй ОИИББда “Эл аралык Эне тил” күнүнө карата салтанатуу иш-чара болуп өттү

 

2023-жылдын 15-февраль күнү Чүй ОИИББнын жыйындар залында “Эл аралык Эне тил” күнүнө карата салтанатуу иш-чара болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусунун Администрациясынын УТК жана ӨК бөлүмүнүн башчысы А.Койшынаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү Г.Мадумарова, Чүй ОИИББнын жетекчилиги жана ошондой эле өздүк курамы катышышты.

Алгач иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталып андан соң Чүй ОИИББнын начальниги милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев жана чакырылыган коноктор өздөрүнүн калоо тилектерин айтып өтүштү.

Майрамдык иш-чара Москва райондук маданият үйүнүн кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын маданият жана искуство университетинин студенттери тарабынан кыргыз, орус, дунган жана башка тилдерде жагымдуу чыгармалар менен коштолду.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *