Чүй ОИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Асанов Ашыркул Рыспекович милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Сиздерди өзүмдүн атымдан жана Чүй облусунун ИИББнын жалпы ардагерлеринин атынан кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулукка, терроризм, экстремизм коркунучтарына каршы туруп, кылмыштуулуктун бардык түрү менен күрөш жүргүзүп жаткан кесиптештеримдин каармандыгын, чыдамкайлыгын жана кесипкөйлүгүн Кыргызстан эли жогору баалашат деген ишеничтебиз.

Элибиз ички иштер органдарындагы болуп жаткан реформаларга жана өзгөрүүлөргө ар дайым көз салышып, учурдун талабына жараша кызмат кылган милиция кызматкерлери менен сыймыктанышып келишкени баарыбызды кубандырат.

Милиция кызматкерлери үчүн элибиздин коопсуздугин сактоо үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Тартип бар жерде өнүгүү-өсүү болоору белгилүү. Андыктан ар бир кызматкер мамлекетибиздеги тартипти сактоо менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп жатканы талашсыз.

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм.

Сиздерге чың ден-соолук,ишиңиздерге албан-албан ийгилик, үй-бүлөнүздөр менен бактылуу жошоо кечиришиңиздерди каалайм.

Терең урматтоо менен,

Чүй ОИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги А.Асанов

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *