Чүй ОИИББы: Жайыл районундагы өз өмүрүн кыюу фактысы боюнча

2019-жылдын 11-апрель күнү Жайыл районунун аймактык ооруканасынан өз өмүрүн кыюу окуясы болгону тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда, 2019-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 14:00 чамсында 31 жаштагы Х.М. аттуу аял киши ок атуучу курал колдонуп өз жанын кыйган. Алдын ала текшерүү учурунда сол жак көкүрөгүнө ок киргени маалым болгон. Ал окуяга чейин кат жазып калтырып, анын өлүмүнө эч кимдин күнөөсү жок экенин билдирген. Куралды текшерүү учурунда ал өз өмүрүн кыйган келиндин 59 жаштагы Х.В. аттуу кайын атасына мыйзамдуу түрдө бекитилгени аныкталган. Ок атуучу курал дайыма сейфте бекитилип турган. Окуя болгон күнү 31 жаштагы Х.М. кыйын атасынын үйүнө коноко келип, сейфтин ачкычын таап, өз өмүрүн кыйганы маалым болду. Ал күйөөсү менен бирге жашаганы жана 7 айлык кызы болгону аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *