Чүй ОИИББы: Сокулук районунда жолдон өтүп бараткан адамдын денесине залал келтирген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, белгисиз эркек киши бирөөнүн денесине залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда, азиат улутундагы эркек киши эч себепсиз жолдон өтүп бара жаткан адамдардардын бирин колундагы катуу нерсе менен уруп, денесине залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу Бишкек шаарындагы оорканалардын бирине жеткирилген ал эми шектүү жаран автоунаалардын бирине отуруп, окуя болгон жерден из жашырып кеткени аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган И.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүү жаран милиция кызматкерлеринен жашынып, Ош базарынын айланасынан батир алып, ошол жерде жашап жүргөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *