Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери башаламандыктар болуп кетүүсү мүмкүн дешип даярданышууда” деген маалыматты жеке булактарга таянып жазышууда. Мындай маалыматтар чындыкка туура келбейт жана Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери күнүмдүк жумуштарын аткарышып жатканын билдиребиз. Аламүдүн районунун ИИБнүн Беш-Күнгөй айылдык милиция бөлүмчөсү Беш-Күнгөй, Кой-Таш жана башка айылдарды тейлегендиктен кызматкерлер күнүмдүк жумуштарын аткарышууда.