Чүй ОИИББы: Чүй районунун Восток айылындагы коңшулар ортосундагы уруш тууралуу

2019-жылдын 10-июль күнү болжол менен саат 11:05 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Чүй районунун Восток айылында мушташ болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Чүй районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу, жетекчилиги жана өздүк курамы чыгышкан. Окуя тууралуу териштирүү учурунда төмөндөгүлөр маалым болгон.

2019-жылдын 10-июль күнү Чүй районунун Восток айылында коңшулардын ортосунда ичүүчү суу талаша кетишип, ортодо пикир келишпестик жаралып, ал урушка айланган. Натыйжада үч жаран дене жаракаттарды алган. Алар, 1953-жылы туулган М.К, анын баласы 1984-жылы туулган М.М. жана урушуп жаткандарды ажыраштырып жаткан 1989-жылы туулган К.Б..  Окуя болгон жерге алгач милициянын аймактык тескөөчүлөрү келишип, окуяны жеринде жайгарышып, жабырлануучулар аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. 1953-жылы туулган М.К. ооруканага жаткырылып, калган экөө амбулатордук түрдө кайрылып кайра үйлөрүнө кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Жогорудагы окуяга шектелип 1979-жылы туулган Л.Р. жана 1982-жылы туулган Л.А. аттуу жарандар кармалышып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Л.Р. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, Л.А. саламаттыгына байланыштуу ооруканага жаткырылып, кайтарууга алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *