Чүй ОИИББы: 19 жаштагы кызды сабап, зордуктоого аракет кылды деген окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Жайыл районунда 19 жаштагы бала Н.К. аттуу кызды сабап, зордуктоого аракет кылды деп жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалымат боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.  Белгиеп кетүүчү жагдай, жогорудагы кыз жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусунда ал ички иштер органдарына арыз жазганын айтып, бирок, ишти аягына чейин жеткирүүгө ишенбестигин билдирген.

Андыктан Чүй облусунун ИИББы төмөндөгүлөрдү маалымдайт. 19-декабрдан бүгүнкү күнгө чейин жогорудагы Н.К. аттуу кыз Чүй облусунун ички иштер органдарына бирөө сабагандыгы жана зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу кайрылган эмес. Белгилеп коюучу жагдай 2020-жылдын 21-декабрь күнү болжол менен саат 02:24 чамаларында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, дене жаракаттары менен К.Н. аттуу 19 жаштагы жаран жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Жайыл районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда Н.К. аттуу кыз үстүбуздөгү жылдын 19-декабрь күнү жолдон тайып жыгылып, денесине жаракат алганын айтып, эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, анын ооруканага түшкөндүгү боюнча териштирүү иштерин токтотууну суранып арыз жазган. Бул окуя бирдиктүү реестрге катталган.

23-декабрь күнү жогорудагы маалымат интернет сайттарына жарыяланган соң, милиция кызматкерлери тарабынан К.Н.кайрадан суралган. Бул жолу ал Панфилов районунун Кум-Арык айылы тарапта чала тааныш эркек бала тарабынан сабылганын жана зордуктоого аракет кылганын айткан.

Учурда окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалып, чогултулган материалдар окуя болгон жери боюнча  Панфилов РИИБүнө жөнөтүү чечими кабыл алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *