Чүй ОИИББ: Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде денеге залал келтирүү фактысы боюнча билдиребиз

2022-жылдын 23-майында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 1996-жылы туулган Н.А., арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар мас абалында Аламудун районунун аймагындагы эс алуу жайларынын биринде денесине залал келтиргенин айтып, аларга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факт Аламүдүн РИИБдин маалыматтарды катто китепчесине катталган

Милиция кызматкерлери арыз ээсин суракка алган учурда ал 2022-жылдын 23-майында кесиптештери менен эс алуу жайларынын биринде эс алып жүргөнүн, андан соң алардын жанында эс алып жаткан адамдар Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасын сүзүп кетишкендигин түшүндүргөн. Келтирилген чыгымды ордуна келтирүүнү суранганда сүзүп алган тарап сөзгө келбей эч себепсиз   сөгүп-сагып, ур-токмокко алып ден-соолугуна залал келтиришкенин айтып чара көрүүнү өтүнгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул окуяга тиешелүү жарандардын өздүгү такталып, алар 1994-жылы туулган Т.А. жана Б.Ф.  экени аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө кызматына алынып келинген.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө  иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *