Чүй ОИИББ: Жашы жете элек кыздын жоголушу боюнча социалдык тармактарга жарыяланган маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү маалымдайбыз

2022-жылдын 18-майында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1975-жылы туулган К.Р аттуу жаран өзүнүн кызы 2010-жылы туулган  Р.У. аттуу кызын издөөгө жардам сурап кайрылган.  Кайрылуусунда кызы 18-май күнү түшкү саат 11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин билдирген.

Бул факт Сокулук РИИБдин маалыматтарды катто китепчесине катталып, жашы жете элек өспүрүмдүн дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүүгө байланыштуу ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүү  башталган.

Алынган маалыматка караганда 18-май күнү саат 09:48 чамасында жашы жете элек кыз бейтааныш кыз менен чоогуу үйүнө келип ал кыз классташы экенин туугандарына айткан. Ата-энесинен оңдоп-түзөөгө деген шылтоо менен 500 сом алып кеткен бойдон кайрылып келбегенин, андан соң 19-май күнү кыз туугандарына телефон чалып, Ош облусунда жүргөнүн билдиргенин айтышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Алынган маалымат негизинде Сокулук РИИБдин кызматкерлери тез арада Ош облусуна барышып, дайынсыз жоголгон 2010-жылы туулган Р.У., 1987-жылы туулган К.М.нын үйүнөн табылган.  Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.М. аттуу аял менен жоголгон кыздын туугандык байланыштары жок экени аныкталган. Бул аял үстүбүздөгү жылдын 18-майында телефон аркылуу таанышып, алдоо жолу менен аны Ош облусуна алып кеткендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү делип, 1987-жылы туулган К.М аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат, мындан тышкары кармалган жарандын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *