Чүй ОИИБнын жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылык жана уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 19-январында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1950-жылы туулган Я.Т., арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 18-январында белгисиз адамдар үйдүн кулпусун бузуп үйүнө кирип 10 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдин  кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1993-жылы туулган Н.У. кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга катыштыгы аныкталган. Ал 2021-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарынын аймагынан А.М. атту жаранды бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен «Лексус» үлгүсүндөгү унаасын ачык эле ээлеп алганы аныкталган.

Бул факт да КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондой эле кылмышка шектүү жаран тоноого чейин жана андан кийин өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтуу менен коркутуп-үркүтүп  жабырлануучудан 25 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Кылмышка шектүү үстүбүздөгү жылдын 18-майында Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип  кийин сот тарабынан Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Тергөөнүн иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жогорудагы кылмыш фактыларын толугу менен мойнуна алган. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *