Чүй районунда алдын алуу иштери улантылууда

 

2021-жылдын 23-декабрь күнү Чүй районунун ИИБдүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Чүй районунун Арал айылынын жашоочулары менен жолгушууларды өткөрүп, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүштү.

Жолгушуу учурунда жергиликтүү тургундардын милиция кызматкерлеринин жумушуна байланыштуу кайрылууларын ошондой эле башка социалдык маселелер боюнча билдирүүлөрүн угушуп, жергиликтүү тургундарга тиешелүү кеңештер берилди. Андан сырткары уурулук жана башка кылмыштарды алдын алуу чараларды көрүү боюнча эскертмелер берилди.

Ошол эле иш-чарада, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөлөрдө жүрүүсүнө жол бербөө үчүн балдарга көзөмөлдү күчөтүү, аларды пайдалуу нерселер менен алектендирүү зарылдыгы эскертилди.

Иш-чара учурунда 24-декабрь күнү Чүй РИИБү тарабынан мектеп окуучулары арасында “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышында дил баян жазуу боюнча сынак жарыяланып, анын жыйынтыгында эң мыкты жазган 6 окуучу танталып алынган. Аларга Чүй РИИБдүн башчысы милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов мактоо баракчаларды тапшырды.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *