Чүй районунда кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 2022-жылдын 26-январында Чүй районунун ИИБдүн жетекчилиги аймактык тескөчүлөрү милициянын көчмө кабылдамасы менен Бурана айыл өкмөтүнөгү Дөң-Арык айылына барып, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүштү.

Жыйынга, РИИБдүн жетекчилиги жана кызматкерлеринен сырткары, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жергиликтүү бийликтен кызматкерлери катышты.

Иш-чарада, кылмыштуулуктарды алдын алуу, балдардын коопсуздугуна көңүл буруу ошондой эле мал уурулуктарды болтурбоо боюнча жергиликтүү тургундар менен пикир алышуу болуп, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

Жолугушууда, жергиликтүү жашоочуларга Чүй РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнүн жана тиешелүү кызматтардын байланыш номерлери жазылган баракчалар жана  мал уурулуктарды алдын алуу боюнча колдонмолор таратылды.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *