Чүй районунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы менен кызматкерлер кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу максатында район аймагындагы жергиликтүү  тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө.

Алдын алуу иш-чара учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургандарга алдыда боло турган шайлоо учурунда кандайдыр бир туура эмес аракеттерге, мыйзамсыз окуяларга күбө болсо дароо милицияга билдирүү керектегин эскертишүүдө. Ошону менен бирге социалдык тармактар аркылуу терс маанидеги такталбаган мааламаттарды таркатпоого чакырышты.

Эске сала кетсек, 2020-жылы Чүй районунун ИИБдүн  милициянын көчмө кабылдамасы район аймагында 580 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 170 тен ашуун ар түрдүү мазмундагы арыз-даттанууларды кабыл алган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *