Чүй районунда телефон зымдарын уурдоого шектүү кармалды

 

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 1-ноябрга караган түнү Чүй районунда жайгашкан иш-каналардын биринин 400 метрлик телефон зымын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкени тууралуу маалымат 2021-жылдын 1-ноябрь күнү Чүй районунун ИИБнө келип түшкөн. Келтирилген матиалдык чыгым 80 миң сомго бааланган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1994-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда 500 метрлик зым уурдалып, келтирилген чыгым 99 миң сомду түзгөн. Жогорудагы факты да бирдиктүү реестрге катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *