Чүй районунда тоноочулука шектүүлөр кармалышты

2020-жылдын 6-февраль күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен Чүй айылынын 31 жаштагы тургуну У.С. кайрылып, 6-февралда болжол менен саат 21:00 чамасында райондогу көчөлөрдүн биринде бейлгисиз бирөөлөр күч колтонуп, арыздануучунун колундагы сумкасын тартып алышканын билдирген. Сумкада акча каражаты жана башка буюмдары болгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 41 жаштагы О.Н. жана 37 жаштагы А.Р. аттуу жарандар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *