Чүй районунда түшүндүрүү иштери улантылууда

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолгушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын элге жеткирүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Чүй райондук милекеттик администрация башчысы Жыргалбек Шакиев, РИИБдүн жетекчиси милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов, айыл аймак башчылары, имамдар, айыл башчылары жана жергиликтүү аксакалдар катышышты.

Жолгушууда Чүй РИИБдүн башчысы тарабынан эл арасындагы маркумду акыркы сапарга узатуу жана үй-бүлөлүк салтанаттарда ысырапкорчулуктарды кыскартууга багытталган Жарлыктын мааниси жыйындын катышуучуларына жеткирилди. Мүмкүнчүлүгү бары да,  жогу да маркумду акыркы сапарга узатууда көп чыгымдарга учурап, колунда жок үй-бүлөлөр көпчүлүк маалда карыз болуп, аны төлөө үчүн бир топ убара тарткан учурлары жок эместиги айтылды. Ошондой эле үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө да бири-бирине атаандашуу сыяктуу  ысырапкорчулуктарга жол берилип, айрым үй-бүлө мүчөлөрү анын аркасында насыяларды алууга мажбур болушуп, аны төлөө үчүн бир нече жыл иштеп жаткан мисалдар айтылды.  Ашыкча чыгымдар дин эрежелерине да каршы келээрин имамдар белгилеп өтүштү.

Аталган жарлыкты эл арасында жайылтуу иштери Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жогорку деңгээлде жүргүзүлүп келүүдө. Жергиликтүү жашоочулар тарабынан да Жарлыктын талаптары колдоого алынууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *