Чүй районунда уурулкка шектүү кармалды

2022-жылдын 25-дакбрында Чүй РИИБүнө жергиликтүү М.К. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, анын короосундагы темир буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Чүй РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип 43 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу 6 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *