Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 7-октябрь күнү Чүй районунун ИИБнө арыз менен 32 жаштагы А.З. кайрылып, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринен анын велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 9000 сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй районун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 35 жаштагы Т.А. кармалган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кармалган шектүү жарандын башка да кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *