Ыссык-Ата районунда телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

 

Ыссык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 22 жаштагы Б.Р. арыз менен кайрылып, 29-апрелде болжол менен саат 03:30 чамасында анын автоунаасынан белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип, 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.З. кармалып, убактылуу кармочуу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *