Ысык-Ата милициясы Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар үйүндө тамаш-аш уюштурушту

2021-жылдын 15-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгү улгайган жарандарга ысык тамак уюштурушту. Аталган жайда 320 мүмкүнчүлүгү чектелген жана туруктуу жашоочу жайга муктаж карыялар күн кечирип келишет. Андагы карыялар милиция  кызматкерлерине өз ой пикирлери менен бөлүшүп, жаш кездеги окуяларын эскеришип отурушту. Иш-чаранын соңунда карыялар РИИБдүн кызматкерлерине жана жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошол эле күнү Алмалуу айылында жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуу уюштурулуп, аталган жыйынга Ысык-Ата районунун акими жана РИИБдүн жетекчилиги катышышты. Жыйында өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу жергиликтүү жашоочуларга  маалымат берилип, үстүбуздөгү жылы аткарылуучу иштер тууралуу пландар ортого салынды. Ошол эле жыйында  кылмыштуулукту жана зордук-зомбулукту алдын алуу жана жеке мүлктөргө сак болуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен коомдук маршруткалардын айдоочулары жана администрациялары менен жолугушуулар жүргүзүлүп, каттамдарды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *