Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай оор кылмышка шектүү жаранды кармашты

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай оор кылмыштын бети ачылды. 2018-жылдын 31-январь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө бир үйдүн ичинде ызы-чуу болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Ысык-Ата РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келишип, 70 жаштагы кары аял кишинин денесине оор залал келтирилгенин аныкташкан. Бул окуя боюнча Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 27 жаштагы Х.А. аттуу жашоочусу кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучунун үйүнүн чатырын жана ашканасын оңдоп, уста катары жалданып иштеп жүргөндүгү маалым болгон. Ошол күнү кечинде кылмышка шектүү жабырлануучунун үйүнө эки жолу келген. Биринчи келгенде жабырлануучу унчукпастан бир-канча акча каражатын берет, экинчи келгенинде шектүү мас абалында экендигин байкап, акча жок экендигин билдирип, кетүүсүн талап кылган. Бирок, шектүү акча жок деген сөзгө ишенбестен, жабырлануучуга физикалык зомбулук көрсөтүп, кайра акча талап кыла баштаган. Андан соң, ал ашканадан бычак алып, үй ээсин төш тарапка жана ичке сайып жиберип, катылган акчалары каякта экендигин кыйноо жолу менен айттырып, катылган жеринен 18 000 сомун алып, изин жашырып качып кетүүгө аракет жасап эшикти көздөй багыт алган учурда жергиликтүү милициянын аймактык ыйгарым өкүлү кирип келген. Ошол убакытта шектүү колундагы акчаны ыргытып жиберип, жаза жообунан качуу аракеттерин кылган. Үйдүн ичинде ызы-чуу болуп жаткан кезде, кошуналары угуп калып милицияга чалып билдиришкен. Жабырлануучу алган жаракатынан оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *