Ысык-Ата районуда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

 

Ысык-Ата райондук ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун демилгеси менен “Камкордук” аталышындагы алдын алуу багытындагы рейд иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрынан 19-ноябрь күнүнө чейин өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулук жана тартип бузууларды алууга багытталган.

Рейд учурунда билим берүүчү жайларда лекциялар окулуп, коомдук жайлар, базарлар, оюн-зоок клубдар жана башка жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү.

17-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда жайгашкан 3 базарларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, 20 дан ашуун орто мектепте лекциялар окулду. Текшерүү учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 5 жаш өспүрүм аныкталып, аларга тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн социалдык өнүктүрүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Рейд учурунда түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүрүшкөн 10 дон ашуун өспүрүмдөр аныкталып, алар ата-энелерине тапшырылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *