Ысык-Ата районунан цемент уурдоого шектүүлөр кармалган

2019-жылдын 29-октябрь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө аталган райондо жайгашкан иш каналардын биринин өкүлү 23 жаштагы К.Н. арыз менен кайрылып, иш-канадагы цемент ташыган автоунаанын айдоочусу үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта цементтерди өзүнө пайдаланып келгенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, соток чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ысык-Ата районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 2019-жылдын 13-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында жогорудагы айдоочу 29 жаштагы Э.Р. Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынан “Мерседес” үлгүсүндөгү башка автоунаага цементтерди жүктөп жатканда кармалган. Жанында дагы 29 жаштагы Ж.Р. аттуу жаран болгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дагы бир 32 жаштагы жарандын бул иштке тиешеси бар экедиги аныкталып, кармалган.

Учурда кармалган жарандар убактулуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *