Ысык-Ата районунда адам өмүрүн кыйган жаран кармалды

2022-жылдын 11-сентябрында Ысык-Ата РИИБине аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, алган жаракатынан улам  каза болгону тууралуу маалымат келген.

Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде  кылмыш ишин козгогон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталып, каза болгон жарандын жолдошу 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйүндө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтиргени аныкталган.

Кылмышка шектүү К.М. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө уланып жатат.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *