Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ысык-Ата РИИБине  У.М.  аттуу жаранга чара көрүү жөнүндө арыздар келип түшкөн. Ал 2021-жылдын жай мезгилинде С.Б. аттуу жарандын жер тилкесине мамлекеттик акт жасатып берем деп 1 060 000 сомдон ашык  акча каражатын алган жана 2022-жылдын апрель айында Т.А. аттуу жарандан 6 баш асыл тукум койду 180 миң сомга баалап алып, алардын акчасын кайтарып бербей же убадасын аткарбай изин жашырып кеткен.

Бул  окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1982-жылы туулган У.М. аттуу жарандын өздүгү такталып, издөө жарыяланган.

2022-жылдын 14-сентябрында издөөдө жүргөн У.М. аттуу жаран кармалып Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *