Ысык-Ата районунда бир нече уурулук фактысына шектүүлөр кармалышты

Буга чейин, Ысык-Ата РИИБүнө Дружба, Ивановка, Милянфан айылынын жашоочуларынан уурулук фактысы боюнча арыздар катталган. Анда 2022-жылдын 15-январынан 20-январга чейинки убакыт аралыгында үйүнүн короосунда токтоп турган «ВАЗ 2106», «Вольво» жана «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү автоунаалардын аккумуляторлору жана тетиктери белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалганы айтылып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Ысык-Ата РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине уурулук беренеси менен 6 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Токмок шаарынын жашоочулары  19 жаштагы Б.М., М.А. жана Ж.Э. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жургүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *