Ысык-Ата районунда кара куурай өстүргөн жаран кармалды

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ново-Покровка айылынын 55 жаштагы жашоочусу А.Е. аттуу жарандын короосунда баңги затын камтыган кара куурай өсүмдүгү өстүрүлгөнү маалым болгон. Текшерүү маалында кара куурайларды атайлап өстүрүп жатканы аныкталып, 600 даана түп экендиги такталган. Алынган өсүмдүктүн жалпы салмагы 545 килограммды түзгөн. Бул окуя боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси (Баңги заттарын камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү)  боюнча кылмыш иши козголуп, алынган өсүмдүктөргө соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *