Ысык-Ата районунда кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында райондук милициянын жетекчилиги чет элдик студенттер менен жолугушууларды өткөрдү

2022-жылдын 11-майында Ысык-Ата районунун аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чарага Ысык-Ата РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Р.Турусбеков, окуу жайлардын мугалимдери жана 300дөн ашуун чет элдик студенттер катышты.

Жолугушууда милициянын полковниги Р.Турусбеков чет элдик жарандарга, коомдук тартипти бузбоого чакырып ошондой эле уурулукка жана каракчылыкка жол бербөө үчүн түнкүсүн этият болууну эскертти. Коомдук тартипти сактоо менен бирге жолдо жүрүү эрежелерин бузбоо зарылчылыгын жана чет элдик студенттерди коомдук транспорттордун ичинен чөнтөк телефондоруна, акчасын жана башка мүлктөрүнө сак болууга чакырды. Бул жолугушууда чет элдик студенттер укук коргоо кызматкерлерине өз суроолорун берип, жоопторун алышты. Мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да ар бир ай сайын жүргүзүлүп турмакчы.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *