Ысык-Ата районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 23 жаштагы К.А. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 2-августунан 3-августка караган түнү Ысык-Ата районунун аймагындагы айылдардын биринде жайгашкан арыз ээсинин кампасынан белгисиз адамдар 57 кап буудайын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 85 500 сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы З.А., 23 жаштагы К.Э., 24 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы К.А. аттуулар кармалышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандардын мындан башка дагы бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *