Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Буга чейин Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө бир нече жарандардан уюлдук телефондорун уурдатып жибергендиги тууралуу арыздар түшүп, алардын баары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда телефон уурдаган адам базардан, соода кылуучу жайдан жана маршруттук таксилерде уурдаганы аныкталып, ошол багытта иштер жүргүзүлгөн. Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын мурда бир нече жолу соттолгон жашоочусу 39 жаштагы К.А. кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жаран дагы бир кылмышка катыштыгы бар экендигин далилденген. Ал 2019-жылдын 10-майга караган түнү Ивановка айылдык оорукананын терезеси аркылуу ичине кирип, ар түрдүү кабелдерди уурдап чыгып жатканда, күзөтчү байкап калган. Бирок шектүү кармалбай качып кетүүгө үлгүргөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *