Эл аралык карылар күнү Чүй облусунун ИИББда белгиленди

1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өткөрүү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында жыл сайын белгиленип келгендиктен, бул жолу Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович облустук ИИББда кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен жолугушуп, аларды бүгүнкү майрамдары менен куттуктады.

Жолугушууда ардагерлер жаңыдан кызматка орношкон милиция кызматкерлерине тажрыйбалары менен бөлүшүп, эл ичинде ички иштер органдарынын кадыр-баркын көтөрүү үчүн, колдон келген жардамдарын берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бүл күнү атайын ардагерлер үчүн сый тамак уюштурулуп, чыкан программада концерт көргөзүлүп, комуздун коштоосунда элдик ыр-күүлөр аткарылып, катышуучулардын көңүлдөрү көтөрүлдү.

Кыргызда “Карынын кебин капка сал!”, “Карысы бардын-ырысы бар”, “Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” деп, улуу муундагы адамдарга карата урмат-сый көргөзгөн баа жеткис салттар муундан-муунга өткөрүлүп келүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *